Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Чернобылчылардын жагдайы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Чернобыл АЭСиндеги алааматты жоюуга катышкандарга берилген медициналык жана социалдык жардам талкууланат. Ага КМШ өлкөлөрүнүн Чернобыл уюмунан, Кыргызстандын тиешелүү министрлигинен өкүлдөр, эл аралык эксперттер катышат.

СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган.

Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында жабылган. Чернобыл алааматынын кесепеттерин жоюуга миңдеген кыргызстандыктар да катышкан. Учурда алардын көбү майып, 25 жылдан бери ар кандай илдеттер менен алпурушуп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG