Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттары парламенттик көпчүлүк коалицияга кирүү чечимин кабыл алышты. Мындай чечим кечээ кабыл алынды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Эми фракция ичинде атайын топ түзүлүп, ал башка фракциялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Топтун курамына депутаттар Камила Талиева, Анвар Артыков, Абдырахман Маматалиев, Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Туманов жана Замир Бекбоев кирди. (КЕ)