Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Йеменде президент отставкага кетүү тууралуу макулдашууга кол койду


Йемендин президенти Али Абдулла Салех бийликти өткөрүү тууралуу оппозиция менен келишимге Сауд Аравиянын баш калаасында кол койду. Араб өлкөлөрүнүн арачылыгы менен түзүлгөн келишим боюнча Салех өзү соттолбой турган шартта бийликти өзүнүн орун басарына өткөрүп берет жана эрте шайлоо өткөрүлөт.

Йеменди 33 жыл бийлеген Салех "өлкөнү башкарып, кризисте талкаланганды калыбына келтирүү үчүн оппозиция менен кызматташттык керек" экендигин белгилеп, аны "нагыз кызматташтык" деп атады. АКШ мунасага жогору баа берди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Марк Тонер буларды билдирди:

– Кошмо Штаттары Йемен өкмөтүн жана оппозициянын бийликти тынчтык жол жана тартип менен өткөрүүгө макул болгондугуна жогору баа берет. Бул йемен элинин каалоо-тилегине шайкеш келет. Келишим Йемен эли үчүн бириккен, демократиялуу, коопсуз жана гүлдөгөн өлкө куруу тилегин ишке ашыруу багытындагы маанилүү кадам болуп калат.

Йемендин баш калаасы Саанада бул келишимди четке каккан демонстранттар Салехтин ошол замат кызматтан кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG