Сотторду тандоо кеңешинин судья болуп иштебеген мүчөлөрүнө ишке байланыштуу жол чыгымдарын Сот департаменти төлөп бербейт. Буга мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди. Алардын иш сапар чыгымдары да төлөнбөйт.
Сотторду тандоо кеңешинин ишин камсыз кылуу милдети Сот департаментине жүктөлгөн. Бул милдет үзгүлтүккө учуратылбастан аткарылып жатканы айтылды. Бирок мыйзам боюнча иш сапар чыгымдары жана жол акысы Сотторду тандоо кеңешиндеги судьяларга гана берилет.
Сотторду тандоо кеңешинин алгачкы отуруму 11-июлда болгон. Андан бери 35 жыйыны өттү. Бул иш-чараларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн 2 миллиондой сом сарпталган. Кеңеш жыл аягына чейин Кыргызстандагы баардык деңгээлдеги судьяларды электен өткөрүп чыкмак. Бирок азыркыга чейин иши ордунан жыла элек. (RK)