Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Чапчыма ашуусунда кар көчкүнү алдын алуу боюнча станция курулат


Жалал-Абад облусунунун Чапчыма ашуусунда кар көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча атайын станция ачылат. Бул тууралуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат тараттты.

Чаткал районунда кар көчкүлөрдүн алдын алуу максатында райондун Ала-Бука – Каныш-Кыя автожолундагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү станциясын долбоорлоо жана аны куруу үчүн өкмөттүн токтому чыкты. Кар көчкү станциянын ишке кирүүсү 2012-2013-жылдарга пландаштырылган. Азыркы учурда Чапчыма ашуусунда «Рават» кар көчкү станциясын куруу үчүн жер бөлүп берүүгө Чаткал райондук администрациясынан макулдук алынды.

Ушул жана Нарын районундагы Долон ашуусуна да кар көчкү станцияларын долбоорлоого жана курууга өлкөнүн 2012-жылдагы бюджетинде 32 миллион сом каралуусу абзел, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG