Өзүн Лола деп тааныштырган Жалал-Абаддык эки балалуу келин Ички иштер министрлигине кайрылып, жардам сурайт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.
2010-жылы тааныш аялдын иш таап берем деген убада чакыруусу боюнча ал Москвага барган. Бирок паспортун алып койгон Миша аттуу адамдын ур-токмогуна кабылган. Дагы алты келин менен бирге денесин сатып иштөөгө аргасыз болгон. Үч жарым айдан кийин быйыл август айында Жалал-Абадга кайтып келген. Жергиликтүү тартип коргоо органдарына кайрылганы менен аны алдап иштеткендер да, уруп-соккондор да эч кандай жаза ала элек.
Жумушсуздуктун айынан көптөгөн кыргызстандыктар чет мамлекеттерге, өзгөчө Орусияга барып иштегенге мажбур. Сырттан иш таап берем деп кыргыз кыз-келиндерин алдап, аткезчилик кылган жарандар бар экени айтылууда. Бирок алар кармалып, жазасын алган учурлар боло элек.(YA/RK)