Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо акциясы уланууда


Ош шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмөк көрсөтүү максатында “Биз биргебиз” деген аталышта бир айлык акция жүрүп жатат. Ага ылайык, эмгекке жарамсыз кишилерге медициналык, укуктук жактан моралдык жана материалдык жардам көрсөтүлүүдө.

Шаардык бийликтин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, иш-чара 3-декабрь – Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата 15-ноябрда жарыяланган. Ага жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом бөлүнгөн.

Шаардык социалдык коргооо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген 2 398 адам жашайт, алардын 923ү жаш балдар. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG