Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Беларуста адам укугун коргоочу 4,5 жылга соттолду


Беларуста таанымал адам укугун коргоочу Алес Беляцкий салык төлөбөдү деп айыпталып, төрт жарым жылга соттолду. Минск сотунун өкүмүнө ылайык, анын бар мүлкү өкмөт пайдасына тартып алынат. Сот Беляцкини Литва жана Польшанын банктарындагы эсебине эл аралык донорлор адам укугун коргоо иштери үчүн чегерген акчадан салык төлөбөгөн деп тапты.

Ал 2003-жылы өкмөт кайра каттатпай койгон “Весна” уюмунун башчысы. Уюмдун көпчүлүк мүчөлөрүн Лукашенканын бийлиги түрдүү жоопкерчиликке тарткан. Евробиримдиктин лидерлери адам укугун коргоочу саясый себептен улам соттолууда дешип, ага эркиндик берүүгө чакырышкан. Бейшемби күнкү сотко Польша, Литва жана башка Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле АКШдык дипломаттар катышты.

Алес Беляцки 4-августта камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG