Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:32

БУУнун башкатчысы ливиялык экс-козголоңчулардын "айыбын" ачты


Ливиялык мурдакы козголоңчулар 7 миңдей адамды туткунда кармоодо. Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиришинче, алардын көпчүлүгү Сахара чөлүндө жашаган африкалыктар. Мундун өзүндө бар маалыматтарга таянып, кээ бир туткундар өңүнө байланыштуу уруп-сабалганын; аялдарды эркек кароолдор күзөтүп, жаш балдар чоң кишилер менен чогуу кармалганын айтты. БУУнун башкатчысы согуш кылмыштарын Сирта шаарында козголоңчуларга катар мурдакы өкмөттүк аскерлер да жасаганы тууралуу “камтама кылчу маалыматтар” бар экенин кошумчалады. Ливиянын мурдакы лидери Муаммар Каддафи 20-октябрда Сирте шаарында кармалып атылган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG