Европарламент таанымал беларус адам укугун коргоочу Алес Беляцкий адилетсиз соттолду деп санайт. Европарламенттин төрагасынын өкүлү Роберт Голански: “Парламент Беляцкий мырзанын Беларуста салык төлөбөдү деп адилетсиз куугунтукталганына жана соттолгонуна терең тынчсызданат. Парламент Беляцкиге каршы кылмыш иши саясый мотивди көздөйт жана адилетсиз деп эсептейт. Европарламенттин төрагасы Беларус жетекчилигине телефон кагып, Беляцкини жана башка бардык саясый туткундарды абактан чыгарууга жана аларга каршы айыптоолорду алып салууга чакырды”, - деп билдирди бейшемби күнү.
Бейшемби күнү Минск шаардык соту Беляцкини Литва жана Польшанын банктарындагы эсебине эл аралык донорлор адам укугун коргоо иштери үчүн чегерген акчадан салык төлөбөгөн деп тапты. Минск сотунун өкүмүнө ылайык, анын бар мүлкү өкмөт пайдасына тартылып алынат.
Адам укугун коргоочу 2003-жылы Беларус өкмөтү кайра каттатпай койгон “Весна” уюмунун башчысы.
Евробиримдиктин лидерлери да Беляцкий саясый себептен улам соттолууда дешип, ага эркиндик берүүгө чакырышкан.