Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Египетте активисттер бүгүн кайра демоснтрацияга чыгышат


Жергиликтүү маалымат каражаттары Египеттин бийликтеги аскердик кеңеши мурдагы өкмөт башчысы Камал Ганзуриге өкмөттүн жаңы курамын түзүүнү тапшыргандыгын жазып чыгышты. Ошого карабастан, Каир шаарындагы демонстранттар аскердик бийликти дароо токтотуу талабы менен кайрадан Тахрир аянтында массалык чыгууга чакырышууда. Расмий бышыктоо боло элек, бирок кабарларга караганда, Ганзури улуттук сактап калуу өкмөтүн жетектөөгө макул болду. Ишембиден берки кагылыштарда Тахрир аянтында ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Анын аралыгында, Чек арасыз Кабарчылар уюму Египетте эки журналист айымга сексуалдык кол салуу болгондугун жазды.

XS
SM
MD
LG