Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды


Бүгүн “Зомбулукту токтотобуз: ар бир бүлөнүн бейпилдиги - Кыргызстандын бейпилдиги” деген ураан астында 16 күндүк өнөктүк башталат. Улуттук компания өлкөнүн бардык аймактарында 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлөт. Анын алкагында үй-бүлөлүк жана башка зомбулуктун бардык түрүнө каршы болгон иш-чаралар, маселенин себептери жана чечүү жолдору талкууланат. Мындан сырткары өлкө президенти Роза Отунбаеванын катышуусунда “Аялдардын лидерлиги” аттуу иш чара өтөт. Ошондой эле компаниянын алкагында Кыргызстанда биринчи жолу улгайган аялдарды кордоого каршы 16 күндүк акция өтөт.

Иш-чара Бириккен Улуттар уюмунун демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул кампаниянын башталышына байланыштуу аталган уюмдун, Кыргызстандагы Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги, Акыйкатчы институту жана кризистик борбордун өкүлдөрү маалымат беришет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG