Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Түркиялык кыргыз айымдын сүрөт көргөзмөсү ачылат


Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде түркиялык кыргыз айым Тажигүл Күнтүздүн “Кыялымдагы кыргыз айымы” аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү ачылат. Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан көргөзмө 30-ноябрга чейин уланат.
Тажигүл Өзген Күнтүз 1958-жылы Түркиянын Кония шаарында төрөлгөн. Чоң атасы Парпибай ажы кыргыздын адигине уруусунан чыккан. Сүрөчү айым башталгыч, орто мектепти жана лицейди Түркиянын Кония шаарында бүтүргөн. 2004-жылы өмүрлүк жолдошун, балдарын Кыргызстанга алып келип, туугандары, мекени менен тааныштырган. Жети жылдан бери жеке сүрөтканасында эмгектенип, жаш сүрөтчүлөрдү тарбиялап келүүдө.

Ал кыргыз аялдарынын кийимдеринин түрлөрүн жана аларда камтылган түрдүү сырларды чагылдырган 25 сүрөт алып келди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG