Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Министр Жумабеков кызматынан кетүүгө даяр


Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков кызматынан кетүүгө даяр. Эгерде быйыл балдарга ВИЧ жуккан жаңы учурлар катталганы чын болсо министр ушундай кадамга бараарын бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

"Быйыл бир дагы балага ВИЧ жукту деген так аныктама жок. Эгер чын эле ошондой болгону аныкталса, мен кызматымдан кетүүгө даярмын", - деди министр.

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева быйыл Кыргызстанда балдардын ВИЧке чалдыккан 22 фактысы катталганын айткан.

Бүгүн парламент ВИЧке кабылган балдар маселесин талкуулап жатат. Расмий маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда 3 789 адамда ВИЧ бар. Алардын 283ү - наристелер. (RK)

XS
SM
MD
LG