Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Парламенттин жыйынына балдарына ВИЧ жуккан энелер катышып жатышат


Медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынын балдарына ВИЧ жуккан эки эне парламенттин бүгүнкү жыйынына катышып жатышат. Алар Оштон Бишкекке келип, 16-ноябрдан бери парламент алдында митинг уюштуруп жаткан 12 энеден жана 8 наристеден турган топтун өкүлдөрү.

Бул энелер 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат.

12 эненин Бишкекке келип, маселени көтөрүп жатышы Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына түрткү болду.

Кыргызстан боюнча 283 балада ВИЧ бар. Алардын 191ине вирус дарыгерлердин шалаакылыгынан жуккан. (RK)

XS
SM
MD
LG