Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда “Зомбулукту токтотобуз: Ар бүлөнүн бейпилдиги - Кыргызстандын бейпилдиги" урааны астында БУУнун 16 күндүк өнөктүгү башталды. “Азаттык” үналгысы гендердик зомбулукту токтотууга чакырган бул өнөктүктүн медиа шериги болууда. Радиодо бул багытта макала, талкуу, маектер уюштурулат. "Азаттык" үналгысынын гендердик теңчилик жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган атайын интернет барагы ачылды.
Жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга каршы зордук-зомбулукту токтотуунун эл аралык күнү башталган өнөктүк 10-декабр - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат. 16 күндүк иш чара дүйнө калкын адам укуктарын урматтоо менен гендердик теңчиликке жетүүгө чакырат.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ги Мун аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуунун эл аралык күнүн утурлап тараткан билдирүүдө “Биргелешип аялдарга карата зомбулукту токтотобуз” деген ураан менен 2008-жылы башталган атайын өнөктүк улантылаарын жарыялады. (RK)