Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү астында калгандар изделүүдө


Кечээтен бери Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында түшкөн кар көчкүнүн астында айдоочусу жана жүргүнчүлөрү менен калган "Jeep" унаасын издөө иштери дагы эле уланып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында түшкөн бул кар көчкүнүн көлөмү бир миллион куб метрден ашык.

Кар көчкү кечээ таңга жуук түшкөн. Ошол замат жол жабылган. Бирок оорулуу жана өтө жардамга муктаж жарандардын унаасы үчүн ушул түнү жол убактылуу ачылып, алар куткаруучулардын жардамы менен, түшкөн кардын үстү менен жолдон абайлап өткөрүлүштү. Ушу тапта жол кайрадан жабык турат. Жол жабылган жерлерде топтолгон жүргүнчүлөргө жергиликтүү бийлик, министрлик тарабынан ысык чай, нан жана чатырчалар берилүүдө.

Өткөн аптада Кара-Кулжада кар көчкү астында калган бир адам каза болгон. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Кыргызстандын тоолуу аймактарында жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан учурлар болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG