Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Ош шаарында газдын басымы төмөн


Ош шаарында табигый газ төмөн басым менен берилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар тургундары маалымдашты. Алардын айтымында, айрыкча кеч кирген учурда газдын басымы өтө төмөндөп кетүүдө.

Муну Ош шаардык газ башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Ыдырыс Дыйканбаев Өзбекстандан газдын келиши тартыш болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

“Азыр кошуна өлкөдөн газ саатына 3700 кубометр өлчөмүндө келип жатат. Шаарды толук кандуу газ менен камсыздоо үчүн 5000 кубометрден жогору болушу керек”,- дейт Ыдырыс Дыйканбаев.

Жетекчинин айтымында, шаардык жылытуу башкармалыгына да газдын көп бөлүгү берилип жаткандыгына байланыштуу калктуу конуштарда басым төмөндөп кетүүдө.

Ушундай эле көрүнүш Кара-Суу шаарында да болуп жатканы кабарланууда. Өзбек тарап газды качан көбөйтүшү жөнүндө так маалымат жок дешет адистер. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG