Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Жалал-Абад: Шайырлар жана ойлоп тапкычтардын мелдеши болбой калды


Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын шайырлар жана ойлоп тапкычтар клубдарынын (КВН) 25-ноябрга белгиленген мелдеши башка күнгө, 1-декабрга жылды. Ага облустук Барпы театрынын оңдолуп жаткандыгы себеп болду. Мелдешти Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүүгө баардык катышуучулар макул эмес экенин билдиришкен. Иш-чараны облустагы «Каниет» кризистик борбору уюшутурап жатат. Анын жетекчиси Нургүл Жолоеванын айтымында, шайырлар менен ойлоп тапкычтардын топторунун бүгүнкү сынагы «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы» он алты күндүк акциянын алкагында өтмөк. Бирикме бул акциянын алкагында бир нече иш-чара пландашырган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG