Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Келдибеков депутаттарды түндүк-түштүк деп сүйлөбөөгө чакырды


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кесиптештерин "лексикасынан түндүк-түштүк деген сөздөрдү алып салууга" чакырды.

"Түндүк, түштүк дебей, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл деп сүйлөйлү. Өзүбүз ушинтип айтып алабыз да, анан элди бөлүнүп жатат деп күнөөлөйбүз", - деди парламент төрагасы.

ВИЧ маселесин талкуулап жатканда Чүй облусунда ВИЧке чалдыккандардын саны көбөйгөнү тууралуу айткан депутаттын сөзүндө түндүк, түштүк деген сөздөр айтылганы кесиптештери тарабынан сынга алынды. Бирок ал анын сөзүн туура эмес түшүнүнүп алышканын айтып, тактоо киргизди. (RK)

XS
SM
MD
LG