Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Ош мамлекеттик университетине видеобайкоо орнотулат


Ош мамлекеттик университетинин аудиторияларына видеобайкоо орнотулуп, сабактардын жүрүшү окуу жайдын жетекчилигинин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу аталган окуу жайдан ректорунун орун басары Абдыганы Абдывалиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, видеобайкоо ОшМУнун башкы имаратында 20дан ашуун окуу аудиторияларына орнотулат.

“Муну менен сабактар, экзамендер түздөн түз көзөмөлдө болот да, билим берүү сапатынын жогорулашына, студенттерди чыныгы баалоого таасир берет», - дейт Абдыганы Абдывалиев.

Видеокамералар жаңы жылга чейин орнотулат. Ага окуу жай 90 миң сом акча каражатын жумшайт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG