Жалал-Абаддагы №6 орто мектептин имараты оңдоого муктаж. Ал 1937-жылы курулган. Ата-энелер эски мектепте балдарды окутуу кооптуу экенин жана жаңы имарат куру зарылдыгын билдиришип, шаардык жана облустук бийликтерге, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Бирок ал кайрылуулардан азырынча жыйынтык чыкпай, жооп боло элек. Мектепте окуган 200 баланын ата-энелеринин атынан кайрылган Сапарбек Нуркулов карыя «Кокус кырсык болсо, мектептегилердин тагдырына ким жооп берет?», - деп суроо коюуда. (YA/RK)