Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Орусияда белгилүү алып баруучу эфирдеги орой кыймылы үчүн иштен айдалды


Татьяна Лиманова
Татьяна Лиманова
Орусиядагы REN-TV телеканалынын алып баруучусу эфир учурундагы орой кыймылы үчүн иштен айдалды.

Жаңылыктарды алып барган белгилүү журналист Татьяна Лиманова Азия-тынч океан өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун саммити тууралуу кабарда АКШнын президенти Барак Обаманын ысмын атагандан кийин колунун ортоңку манжасын көрсөткөн.

Лиманова - Орусияда мыкты алып баруучу катары абройлуу сыйлыкты алган журналист. Ал эфирдеги бул кыймылын Обамага акаарат келтирүү эмес, жөн гана “техниктерден телесуфлерду көтөрүп коюну сурангам” деп түшүндүрдү. Бирок каналдын жетекчилиги муну "эфирдеги тартипти орой бузгандык жана профессионалдуулуктун жоктугу" деп таап, алып баруучуну жумуштан алды.

XS
SM
MD
LG