Лига расмий Дамаскка байкоочуларды киргизүү талабын коюп, буга макул болбосо, эртең Сирия менен соода-сатыкты токтотуу жөнүндө чечим чыгарып калышы мүмкүндүгүн эскерткен. Лиганын байкоочулары Сириядагы абалды аңдап, сегиз айдан берки зордук-зобунду токтотууда жардам беришмек.
Анткен менен лиганын жетекчилиги Дамаскка дагы бүгүнкү күн бүткөнчө убакыт берээрин билдирди.
Ал арада, бүгүн Сириядагы мамлекеттик SANA маалымат агенттиги Арап лигасын “сырткы күчтөрдүн куралына айланды” деп айыптады. Маалыматта “22 мамлекет мүчө болгон бул биримдик Батыштын региондо тополоң чыгарууну каалаган кызыкчылыгына иштеп жатат” деп айтылат.
Орусия болсо лиганын санкция тууралуу эскертүүсүнө каршы экенин, анын оордуна Сирияда азыр “ич ара диалог түзүлүшү керек” деп эсептей турганын билдирди. Арап лигасы “Сириядагы режим кызыл кыргынды токтото албады” деп, өлкөнү убактылуу катарынан чыгарган.