Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Бишкек-Ош жолу ачыла элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыка” билдиргендей, учурда Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылганы эскертилгенине карабай жолго чыгып алган айдоочулар ар кандай тартипсиздике барууда. “Алардын айрымдары а түгүл алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, ӨКМдин кызматкерлерине жолду ачууну талап кылуу менен жумушка тоскоол болушууда”, - деди Бекилов.

Мындан эки күн мурун Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, бир унааны басып калган. Көчкү астында калган "Лексус" унаасы кечээ кечке жуук табылып, куткаруучулар андан үч адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Алардын экөө Кытайдын, бирөө Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

Тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан азыр Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги унаа жолу жабык турат. (JAk)

XS
SM
MD
LG