Бүгүн Бишкекте “Сүрөтчү - коом” деген аталыштагы эл аралык конференция башталды. Иш-чаранын уюштуруучусу Варвара Локтеванын “Азаттыка” билдиришинче, жыйындын алкагында Борбор Азия жана Орусия, Колумбия, Иран өлкөлөрүнөн келген сүрөтчүлөр өз эмгектерин атайын видео форматта көрсөтүп жатышат. Бир жыл мурун Тажикстанда башталган бул долбоорго быйыл жалпысынан 20 сүрөтчү катышууда. (JAk)