Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Германияда демонстранттар менен кагылышта 20 полициячы жараат алды.


Өтө жогорку радияциялуу уу таштандынын атайын кампага алынып келинишине каршы акциядагы кагылыш Данненберг шаарынын жанында болду. Полиция 300 чакты демонстрант коопсуздук кызматкерлерин таш бараңга алгандыгын билдирди. Кайра иштетилген 150 тонна таштанды салынган катуу кайтаруудагы поезд Франциядан келатат. Жолдун коопсуздугун камсыздоого 20 миңдей полиция офицери тартылган. Горлебен сактоо жайына соңку жылдары Франциядан жиберилген кайра иштетилген германиялык ядролук таштандылар 11-жолу ташылды. Активисттер Горбелен мындай таштанды сактоого ылайыкташкан эмес деп чыр салышууда.

XS
SM
MD
LG