Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда унаалардын узун тыгыны турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын улук офицери Дайыр Каримов “Азаттыка” жеринен маалымдады. Каримов билдиргендей, ашуунун эки тарабында тең 200дөн ашуун жүк ташыган КАМаЗ унаалары өткөрүлбөй, алардын көпчүлүгү бузулуп калганына байланыштуу жеңил автоунаалардын чоң тыгыны пайда болуп, башаламандык жаралууда. Учурда аймакты туман каптагандыктан карды атып түшүрүү иштери убактылуу токтоду, бирок кар көчкү калдыктарын тазалоо иштери уланууда.
Мындан эки күн мурун Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, бир унааны басып калган. Көчкү астында калган "Лексус" унаасынан үч адамдын сөөгү табылган. Алардын экөө Кытайдын, бирөө Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Учурда Бишкек-Ош жолу жабык турат. (JAk)