Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Баткенде кыргыз-тажик жолугушуусу болот


Бул тууралуу Баткен облус губернаторунун коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов «Азаттыка» билдирди. Эратовдун белгилешинче, 30-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандын Согди облусунун Кыргызстан менен чектешкен 4 районунун өкүлдөрү, спортчулары жана маданият кызматкерлери жолугушуу өткөрөт. Иш-чарада Согди менен Баткен облустарынын 2011-жылдагы кызматташуусунун жыйынтыгы талкууланып, кийинки жылга иш мерчемдер макулдашылат. Мында эки өлкөнүн спортчуларынын, маданият кызматкерлеринин ортосунда мелдештер уюштурулуп, расмий бийликтин сүйлөшүүлөрү жүрөт. Жолугушууга Баткен жана Согди облусунунун губернаторлору жетекчилик кылат. (JsA)

XS
SM
MD
LG