Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Москвада тажиктердин депортациясына нааразы болгон беш киши камакка алынды


Москвада полиция тажик мигранттарынын кечээ жакында Орусиядан чыгарылышына нааразылык билдиргендердин бешөөнү камакка алды. «Мен тажикмин – мени депортацияла!» деп аталган бейшемби күнкү акция Москвадагы Федералдык Миграция кызматынын алдында өттү.

Демонстранттардын айрымдары Орусиядагы мигрант жумушчулар аткарган жумуштарды аткарып, аталган кызматтын имаратынын терезелерин жууп, короосун шыпырышты. Орусиялык Интерфакс агенттиги полицияга шилтеме берип, кармалгандардын бири да тажик эмес, орусиялык «анархисттик кыймылдын» мүчөлөрү экендигин кабарлады.

Орусиядан тажик мигранттарын депортациялоо Тажикстанда орус учкучу соттолгондондон кийин башталган эле. Орусиялык учкуч 8 жарым жылга кесилип, бирок тез эле кайра мунапыс менен бошотулду.

XS
SM
MD
LG