Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Араб өлкөлөрү Сирияга каршы санкцияларды ратификациялайт


Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери бүгүн жолугуп, демонстранттарга каршы репрессиялык саясаты үчүн Сирияны жазалоочу чараларды колго салат деп күтүлүүдө.

Кечээ Араб лигасынын каржы министрлери Сирия менен соода байланыштарын кыскартып, өлкөнүн акчалай мүлкүн «тоңдуруу» өңдөнгөн чараларды талкуулашкан. Эл аралык байкоочуларды киргизүү талабына Сирия көнбөй койгондон кийин Араб Лигасы санкция киргизүүдө.

Укук коргоочу уюмдар бүгүнкү кагылыштарда аз дегенде 10 кишинин набыт кеткенин билдиришүүдө. Бириккен Улуттардын эсебинде, сегиз айдан берки толкундоолордо Сирияда үч жарым миңден ашык киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG