Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Братиславада Атай Өмүрзаков жеңди


Атай “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагынын 100 000 евро байге ээси.
Атай “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагынын 100 000 евро байге ээси.

Бир нече мүнөт мурдараак Словакиянын борбору Братиславада өткөн таланттар сынагында кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков финалдык таймашта жеңип, баш-байгени утуп алды.

Атай бул ирет көрүүчүлөргө оң жана терс каармандардын бейнесин сүрөттөгөн жаңы бийин тартуулады.

Сынакта “Прима” телеканалынын эрежелерине ылайык, телекөрүүчүлөрдөн эң көп SMS алган аткаруучу жеңүүчү аталат.

Шоунун алып баруучулары “Словакияда жана Чехияда элдин көп добушун алган абсолюттук жеңүүчү деп Атай Өмүрзаковду аташты.

Анан Атайдын өзүнө сөз беришкенде, ал баардык күйөрмандарына жана калыстар тобуна ыраазычылык билдирди.

"Мен үчүн добушун бергендердин жана мага убакыт бөлүп, шоуну көргөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем, - деди сүйүнүчтөн көз жашын жашыра албай Атай. - Мен аябай бактылуумун. Бул – менин алгачкы чоң жеңишим".

“Чехия-Словакияда таланттар” деп аталган бул конкурстун жеңүүчүсүнө 100 000 евро тапшырылды.

Буга чейинки жарым финалдагы сынакта Атай Өмүрзаковдун аткаруусундагы бийди калыстар тобу жогору баалашкан эле. Калыстар тобунун мүчөсү чехиялык белгилүү актер Мартин Дейдар Атай бул сынакта бийдин деңгээлин өтө бийик көтөргөнүн, чыныгы өнөр, жогору чеберчилигин тартуулаганын, бийдин жан дүйнөсүн чагылдырганын айткан.

Эми, шарт боюнча, бул сынактын жеңүүчүсүн Лас-Вегастагы дүйнөлүк сынак күтөт.

21 жаштагы Атай Өмүрзаков былтыр Орусиядагы "Даңазанын ирмеми" телетаймашында финалга жетип, экинчи орунду ээлеген. Ушул жылдын май айында Украинада "Менин өнөрүм" сынагына катышкан болчу. (TD)

XS
SM
MD
LG