Бүгүн Евразиялык Экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭШ) каатчылыкка каршы фондунун каржы министрлери жыйынга чогулат. Анда Кыргызстанга жеңилдетилген насыя катары 106 миллион доллардан ашуун каражатты берүү маселеси каралмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын каржы министринин орун басары Мирланбек Байгөнчөкөв билдирди. Анын айтымында, расмий Бишкек жеңилдетилген насыя алуу үчүн коюлган шарттарды аткарды жана ЕврАзЭштен келчү акча өлкөнүн быйылкы бюджетине киргизилди.
ЕврАзЭш 2000-жылы Астанада түзүлгөн, уюмга беш мамлекет - Орусия Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Беларус мүчө. (EBM)
ЕврАзЭш 2000-жылы Астанада түзүлгөн, уюмга беш мамлекет - Орусия Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Беларус мүчө. (EBM)