Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер комитети Судьяларды тандоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча мыйзамга президенттин каршы пикирин талкуулайт. Бул боюнча президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев баяндама жасайт.
Кыргызстанда сот тармагын реформалоо үчүн быйыл июнь айында Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн болчу. Кеңеш жыл этегине чейин бардык деңгээлдеги соттордун судьяларын кайра тандап чыкмак. Бирок бул иш-аракеттер бир топ ызы-чуу менен коштолууда. (EBM)