Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Тимошенконун туулган күнүндөгү митингге миңдеген адамдар катышты


Киевде Юлия Тимошенко жаткан түрмөнүн алдына кечээ үч миңдей эл чогулду. Алар ыр ырдап, 51 жашка чыккан камактагы саясатчыга каалоо-тилектер жазылган куттуктоо баракчаларын калтырып жатышты.

Тимошенко 5-августтан бери абакта жатат. 11-октябрда сот аны Орусия менен газ боюнча келишим түзгөндө “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп 7 жылга кескен. Муну Тимошенко өзү жана анын тарапкерлери азыркы президент Виктор Януковичтин өч алганы деп кабыл алышты. 13-декабрда Тимошенконун апелляциясы каралат.

XS
SM
MD
LG