Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстанда интернет парламент ишин баштады


Социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонуучулары интернет парламент түзүп чыгышты. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиришинче, бул виртуалдуу парламентке интернеттеги Facebook социалдык түйүнүн 1,5 миңден ашык колдонуучусу мүчө болду. Мындан эки ай мурда түптөлө баштаган интернет парламент ар кыл мыйзам долбоорду социалдык түйүндөрдө талкуулап, өз сунуштарын өкмөт жана Жогорку Кеңешке жиберип турушмакчы.

- Бул парламентте атайын комиттер түзүлдү. Интернет парламентке жарандык көз карашы күчтүү адамдар мүчө боло алышат, - деди уюштуруучу Назира Райымкулова.

Бүгүн Бишкекте тегерек үстөл өткөрүлүп, Кыргызстандагы коомдук саясий абал жана интернет парламенттин иши талкууга алынмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG