Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Коогада мерт болгон милиционердин жакындары жол тосту


Июнь коогасында киши колдуу болгон милициянын каптины Мыктыбек Сулаймановдун жакындары Кара-Үңкүр көпүрөсүнөн Бишкек-Ош жолун тосуп турушат. “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун билдиришинче, жол тоскондор маркум Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө жана массалык башаламандыктарга, улуттар аралык араздашууга тиешелүү деп түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылган сегиз адамга карата Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук сот өкүмдөрүн күчүндө калтыруу талабын коюп жатышат. Ушул тапта жүргүнчүлөрдү кошкондо көпүрөнүн эки жагында топтолгон адамдардын саны 300-400гө чукулдады. Азыр жол тоскондорго Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары Кадырбек Жакыпов келип, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып, жергиликтүү соттор өмүр бою эркинен ажыраткан беш адамдын арасында базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров да бар. Аскаров баштаган соттолуучулардын көзөмөл арызын кароону Жогорку Сот 29-ноябрда улантмакчы.

Азимжан Аскаров болсо буга чейин маалымат каражаттары аркылуу милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жоктугун бир канча жолу билдирген эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG