Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Депутаттын бир тууганы маңзат менен кармалды


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин бир тууганы Руслан Бекешев маңзат менен кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, Руслан Бекешев 26-ноябрда 100 граммдын тегерегиндеги гашиш менен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Бекешев Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга алынган.

Бир тууганынын кармалышы боюнча депутат Дастан Бекешев бүгүң билдирүү жасап, Ички иштер министрлиги кармалган адамдын аты-жөнүн ачыктабашы керектигин айтып, бул жагдайды депутаттын ишмердүүлүгүнө жасалган кысым катары баалады. Бирок бир тууганы чындап эле маңзат менен кармалып, кармалбаганы боюнча толук маалыматы жок экендигин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы болсо, бул маалымат расмий берилгенге чейин эле маалымат каражаттары министрликтеги белгисиз булактарга шилтеме кылып, кармалган адамдын аты-жөнү менен жазып чыгышканын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG