Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Президент кыз ала качууну токтотууга чакырды


Президент Роза Отунбаева гендердик зомбулукка каршы 16 күндүктүн алкагында бүгүн Бишкекте өткөрүлгөн конференцияга катышып, коомчулукту кыз ала качуу көрүнүшүн токтотууга, үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктан оолак турууга үндөдү. Өлкө башчысы кыз ала качуу чоң маселе экенин белгилеп, бул өңдүү зордук-зомбулукка бөгөт коюу үчүн жарандык уюмдарды айылдарды кыдырып, маалымат жеткирүүгө чакырды. Өз сөзүндө Отунбаева аялдардын коомдук турмушка аралашуусунда соңку жылдарда жылыштар бар экенин белгилеп, аларды мамлекеттик кызматтан баштап бардык тармакка аралаштыруу керектигин билдирди.

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүктүн алкагында өткөн конференцияда Кыргызстан аялдарынын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кеп болду. Бул иш-чара Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигине гүл коюу менен башталды. (KKs)

XS
SM
MD
LG