Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Египет-Израил газ кууру жардырылды


Египетти Иордания жана Израил менен туташтырган мунай куурун белгисиз бирөөлөр жардырып жиберди. Египеттин МЕНА агенттигинин кабарлашынча, февралда президент Мубарак кулатылгандан бери мунай кууру сегизинчи ирет жардырылууда. Египет жана Израил ортосундагы 20 жылдык газ келишимине Мубарак заманында кол коюлган. Көпчүлүк египеттиктер Израил газды арзан алууда дешип, келишимге нааразычылык айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG