Түштүк Осетияда жекшемби күнү болгон президенттик шайлоодо, алдын ала эсептөөлөр боюнча, Алла Жиоева көпчүлүк добушту алды. Мурдакы билим берүү министри Жиоева айымды шайлоочулардын 57 проценти колдогон. Москва колдогон талапкер, мурдакы чукул кырдаалдар министри Анатолий Бибилов үчүн 40 процентке жакын добуш берилген. БШКнын маалымдашынча, шайлоонун жыйынтыгы беш күндөн кийин жарыяланат.
Түштүк Осетия 1990-жылы өзүн Грузиядан төбөлсүз деп жарыялаган. 2008-жылы орус-грузин согушунан кийин Москва Түштүк Осетияны күнкорсуз мамлекет деп тааныган.
Түштүк Осетия 1990-жылы өзүн Грузиядан төбөлсүз деп жарыялаган. 2008-жылы орус-грузин согушунан кийин Москва Түштүк Осетияны күнкорсуз мамлекет деп тааныган.