Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Египетте 30 жылда биринчи жолу эркин шайлоо өтүүдө


Египетте бүгүн өлкөнү 30 жыл башкарган Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан берки биринчи парламенттик шайлоо башталды. Шайлоочулар Каирде добушканалар ачылгандан эрте келишип, кезекке туруп жатышты. Элдик ассамблея же парламенттин төмөнкү палатасын шайлоо үч айлампада өтүп, январда аяктайт. Жогорку палатанын депутаттары мартта шайланып бүтөт. Мусулман агаиндер партиясы көпчүлүк мандатка ээ болору айтылууда. Он күн мурда башкаруучу Аскерий кеңешке каршы башталган нааразылык акциялары кезиндеги кагылыштарда 41 демонстрант өлүп, 2 миңге чукул адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG