Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Бишкек мэри уулунун ишин кайра кароону талап кылат


Бүгүн кечке жуук Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирүү жасап, уулу Азамат Өмүркуловго карата соттук териштирүү мыйзамдын алкагында гана токтотулганын, ошентсе да ишти кайра кароону талап кылаарын билдирди. Мэр мындай кадамга коомчулукта жүрүп жаткан айың кеп, кайчы пикирлерден улам барып жатканын ачыктап, күнөө далилденсе уулу жазасын тартышы керектигин белгиледи.

24-ноябрда Токмок шаардык соту жабыркаган тараптын соттолуучуга доосу жок деген жүйөө менен Азамат Өмүркуловго карата соттук териштирүүнү токтоткон.

Быйыл августта Ысык-Көлдөн келаткан унаа жолунда автокырсыкта үч адамдын жаны кыйылган. Иликтөө учурунда Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени далилденген. Тергөө учурунда ал үй камакка алынган. (KJ/KKs)

XS
SM
MD
LG