Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Cирия Арап лигасын сындады


Ырасмий Дамаск Арап лигасын Сирияда сегиз айдан бери жүрүп жаткан зобун-зордукту токтотуу аракетин жокко кетирүүдө деп күнөөлөдү. Жекшемби күнү Арап лигасына мүчө 22 мамлекеттин 19у колдоп, Сирия элдик чыгууларды кан менен басунуну токтотпогондон улам, өлкөгө каршы санкция киргизген. Арап лигасынын чечимин Сирияга коңшулаш Ливан менен Ирак колдошкон жок. Улуттар Уюмунун эсебинче, марттан берки анти-өкмөттүк толкундоолордо 3, 5 миңден көп адам набыт болду.

Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллим бүгүнкү телеконференцияда Арап лигасынын санкциясын Дамаскиге каршы экономикалык согуш жарыялоо деп сыпаттады. Ошондо эле “террорчу топтор” коопсуздук күчтөрүнө чабуул жасап жатканын айтып, кан болгон жана күйгөн денелердин видеотасмасын көрсөттү.

Бүгүн Дамаскиде, Алепподо жана башка шаарларда өкмөттү колдогон жана чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн сындаган демонстрациялар өттү.

XS
SM
MD
LG