Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Жогорку Сот Аскаровдун ишин карайт


Бүгүн Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин териштирүүнү улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Жазында соңку процессте Аскаровдун жактоочусу укук коргоочунун кармалып жаткан жайын текшерип чыгуу боюнча сотко өтүнүч келтирген. Ушундан улам сот жараяны белгисиз мөөнөткө жылган болчу.

27-ноябрда Базар-Коргондо былтыр июнь айында калайман баш аламандыкта киши колдуу болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун тарапкерлери нааразылык акция өткөрүштү. Баш аламандыкка, адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталган Аскаров баштаган сегиз адамга сот өкүмүн күчүндө калтырууну талап кылып жол тосушту.

Өзбек тектүү укук коргоочу Аскаров Базар-Коргондо былтыркы улут аралык жаңжал учурунда массалык башаламандык уюштурган, улут аралык кастыкты козуткан, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып менен Базар-Коргон райондук соттун өкүмү менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Бул өкүмдү Жалал-Абад облустук соту да күчүндө калтырган. Жактоочулар бул өкүмгө макул болбой Жогорку Соткө көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Аскаров күнөөсүн мойнуна алган эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG