Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Жалал-Абад: Үйлөнүү тоюна чыга турган автоунаанын саны кыскарат


Жалал-Абад шаарында үйлөнүү тойлорунда жаш жубайларды коштоп жүрүүчү автоунаалардын санына чек коюлду. Шаардык Кеңештин депутаттары үлпөт тойду белгилөө үчүн автоунаалардын саны алтыдан ашпасын деген токтом кабыл алышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык бийликтин басма сөз катчысы Мейманбү Акжолова билдирди. Анын айтымында, бул чечим шаар аймагында транспорттук тартипти жөнгө салуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана көчө кыймылындагы башаламандыкка жол бербөө максатында кабыл алынды.Буга чейин аймакта үлпөт той үчүн 15-20 автоунаа ижарага алына баштаган эле. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG