Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстандагы ишкердиктин келечеги талкууланат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы ишкердүүлүктүн келечеги талкууланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ишкерлер кеңешинен кабарлашты. Негизинен Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүктүн жана Бажы биримдигинин таасири кандай болушу мүмкүн деген маселе талкууланат. Жолугушууга ЕККУнун, Орусия, Кытай элчиликтеринин жана Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун өкүлдөрү катышат. Учурда Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгон Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланып жатат. Орусияда Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүнү талкуулоодо. Кыргызстандын Ишкерлер кеңешинде 134 компания бар. (RK)

XS
SM
MD
LG