Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

БУУ Сирияны “адамгерчиликке каршы кылмыш” үчүн айыптады


Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан Сириядагы абалды илтиктөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссиясынын докладында айтылгандай, коопсуздук күчтөрү адам өлтүрүү, кыйноо жана зордуктоо өңдүү бир топ “адамгерчиликке каршы кылмыштарды” жасаган.

Булар үчүн комиссия жоопкерчиликти президент Башар ал-Ассаддын өкмөтүнө жүктөдү. Докладда айтылгандай, быйыл мартта тополоң башталгандан бери аскерлер жүздөгөн жаш балдарды өлтүргөн, айрымдарын зордуктаган.

Баяндамада Сирия бийликтерине абактагыларды бошотуп, өлкөгө гуманитардык жардам топторун, байкоочуларды, журналисттерди киргизүүгө уруксат берүүгө чакырык айтылат.

XS
SM
MD
LG