Советтик диктатор Иосиф Сталиндин жалгыз кызы АКШда дүйнөдөн кайтты. Висконсин штатынын бийликтери Лана Питерс 22-ноябрда рактан каза болгонун кабарлашты.
Светлана Сталина 1967-жылы “кансыз согуш” маалында атасын жана Советтер союзун айыптап, АКШга көчүп кеткен. Ал өзүнүн өмүрүн баян эткен эки күндөлүк басып чыгарды, алары кеңири сатылып, дурус байлык алып келгенин да айтып жүрүшөт.
Кийинчерээк ал фамилиясын энесиникине алмаштырып, Аллилуева болот. 1970-жылы америкалык архитектор Уилиям Питерске турмушка чыгып, Лана Питерс аталып калган.
Өмүрүнүн аягына чейин Лана Питерс төрт жолу турмушка чыкты жана үч перзенттүү болду.