Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Чүй менен Ысык-Көлдө диабет боюнча түшүндүрүү иши башталды


Бүгүнтөн тарта Чүй жана Ысык-Көл облустарында калк арасында кант диабети тууралуу түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордон маалымдашты. Он күн бою эндокринолог дарыгерлер бул оорунун зыяны тууралуу айтып беришет, аны канткенде алдын алса болот, өөрчүп кетпешине жол бербөө жөнүндө китепчелерди таратышат. Расмий маалыматтар боюнча, диабетке чалдыккан адамдардын саны Кыргызстанда 33 миңден ашат. Бирок көпчүлүк бул ооруга кабылганын билбей жүрө бериши мүмкүн. Андыктан оорулуулардын саны 3-4 эсе көп болушу мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG